Жаңылыктар

29.12.2023 10:18

   Кароолор: 599

ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ! БИШКЕК ЖАНА ЧҮЙДӨ КАТУУ ШАМАЛ КҮТҮЛӨТ

❗️ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ

 

❗️БИШКЕК ЖАНА ЧҮЙДӨ КАТУУ ШАМАЛ КҮТҮЛӨТ

 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Кыргызгидромет кызматынын маалыматына ылайык, жакынкы үч саат аралыгында күндүз Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт.

❗️Урматтуу жарандар! Төмөндөгү эрежелерге көңүл буруңуз:

-катуу шамал учурунда эшикте сейилдөөнү токтотуп туруңуз;

- унааңызды имараттын жана бак-дарактын түбүнө токтотпоңуз;

- электр чубалгыларынын жанына турбаңыз;

- көчөдөн көз айнек тагыныңыз;

- үйдүн эшик-терезелерин жабыңыз.

☎️Кырсык болгон учурда 112 бирдиктүү номерине байланышыңыз.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу