Жаңылыктар

29.09.2025 14:51

   Кароолор: 146

ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ! АБАНЫН ТЕМПЕРАТУРАСЫ ТӨМӨНДӨП, ДЫЙКАНЧЫЛЫК АЙМАКТАРДА ҮШҮК ЖҮРӨТ

ӨКМдин Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 1-2-октябрь күнү Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлүп, мезгил-мезгили менен жаан, дыйканчылык аймактарда жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшүшү мүмкүн.

Өлкөдө абанын температурасы төмөндөп, Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 0…-2°, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында -1…-3° үшүк жүрүшү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши ыктымал.

Мындай туруксуз аба-ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатып, мөмө жана жашылча жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картошка, кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.

✅ӨКМ ЭСКЕРТЕТ!

Дыйканчылык талааларында үшүп кете турган түшүмдөрдү жылуу жайда кармоону жана үшүк өтүп кеткенден кийин жыйноо сунушталат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу