Жаңылыктар
24.02.2024 10:51
Кароолор: 508
ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ! АБАЙЛАҢЫЗ ЖОЛ ТАЙГАК!
ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ
АБАЙЛАҢЫЗ ЖОЛ ТАЙГАК!
Үстүбүздөгү жылдын 24-февралынан 25-февралына чейин күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда:
- Мырза-Аке —Кара-Кулжа —Алайкуу автоунаа жолунун 55-115-чакырымында;
- Бишкек — -Нарын — Торугарт автоунаа жолунун 292-305-чакырымынын Долон ашуусунда ;
- 353-357 чакырымындагы Кызыл-Бел ашуусунда;
- Казарман — Ак-Тал — Чат автоунаа жолунун 42-44, 60-94-чакырымынын Кара-Гоо ашуусу, Ийри-Суу тилкесинде;
- Каракол — Эңилчек автоунаа жолунун 45-90 чакырымындагы Чоң-Ашуу ашуусунда, Барскоон — Ак-Шыйрак автоунаа жолунун 52-68-чакырымдарындагы Сөөк ашуусунда жолдор тайгак болуп муз тоңот.
УРМАТТУУ АЙДООЧУЛАР!
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Алыскы жолго чыгууда дөңгөлөк чынжырчасын, күрөк, жол азыгын, ысык суу, дары-дармек топтомун алыңыздар. Зарылдыгы жок болсо, жол жүрүүнү башка күнгө жылдырып туруңуз.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР