Жаңылыктар

13.12.2024 16:26

   Кароолор: 529

ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ! АБА ЫРАЙЫ СУУКТАП, ЖОЛДОР ТАЙГАК БОЛОТ

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Кыргызгидромет кызматынын билдирген маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 15-17-декабрында Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. 15-декабрда күндүз жана 16-декабрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жашы күтүлүүдө. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы мүмкүн. Айрым жерлерге туман түшүүсү күтүлөт.

Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге жетиши күтүлөт.

16-17-декабрда абанын температурасы төмөндөп, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн - 12... -17°, күндүзү - 4... - 9°, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -11... -17°, күндүзү - 4... - 9°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн - 11... -16°, күндүзү -3..., - 8°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -10.. -15°, күндүзү 0... -5° Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн - 11..., - 16°, күндүзү - 1... - 6°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкусүн -20... -25°, күндүзү -5... -10°, республиканын тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн - 15... - 20°, күндүзү -5... -10°, тоолуу райондордо түнкүсүн -13... -18°, күндүзү -7... -12°, Суусамыр өрөөнүндө жана бийик тоолуу райондордо түнкүсүн - 30.. -35°, күндүзү -13... -18° суукка чейин төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоонуу кыйындатат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

(Сүрөт интернеттен алынды)

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу