Жаңылыктар
12.12.2023 16:01
Кароолор: 709
ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ! 13-14-ДЕКАБРЬ КҮНҮ АБА ЫРАЙЫНЫН КЕСКИН ТӨМӨНДӨШҮ КҮТҮЛӨТ
Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Кыргызгидромет кызматынын маалыматына ылайык, 2023-жылдын 13-декабрында туруксуз аба-ырайы сакталат. Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарьнда, Чүй, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Ал эми Талас, Баткен облустарында дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт.
Зымдарга жана бактарга суу кар жабышып, жолдор тоңголок жана тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Айрым жерлерде туман түшүшү күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
13-14-декабрда абанын температурасы мындан ары төмөндөшү күтүлөт:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -20...-25 , түндүгүндө -23...-28, күндүз -12...-17 суук,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -22...-27, күндүз -10...-15 суук,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөнүндөрүндө түнкүсүн -7...-12, күндүз -3...-8 суук,
Ысык-Көл ойдоңунда түнкүсүн 14...-19, күндүз -4...-9 суук,
Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн
-19., -24, Ат-Башы районунда -23...-28, күндүз -11 -16 суук.
Тоо этектеринде түнкүсүн -19...-24 , күндүз -13...-18 суук, тоолуу райондордо түнкүсүн -21 ...-26, күндүз -14...19 суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -30...-35, күндүз -15...-20 суук.
Ал эми Суусамыр өрөөнүндө түнкүсун -29...-34, күндүз -15...-20 суук болушу күтүлөт.
Мындай суук аба-ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык казматтардын ишин кыйындатат.
Мындан улам Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алыскы жолго чыгууда жарандарды сак болууну эскертет!
ИЛЛЮСТРАЦИЯЛЫК СҮРӨТ КОЛДОНУЛДУ
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР