Жаңылыктар

30.04.2025 12:59

   Кароолор: 297

ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ: 1-2-3-МАЙ КҮНДӨРҮ ТООЛУУ РАЙОНДОРДО СЕЛ ЖҮРҮШҮ КҮТҮЛӨТ

2025-жылдын 1-2-май күндөрү республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда, ошондой эле 3-майда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда туруксуз аба ырайы күтүлөт.

Мүмкүн болгон локалдык нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү ыктымал, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Андыктан ӨКМ бул күндөрү тоолордо, кооптуу аймактарда эс алуудан алыс болууга чакырат жана сел каналдарын, арыктарды тазалап, сууунун өтүшүнө шарт түзүү керектигин эскертет!

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу