Жаңылыктар

04.07.2026 11:00

   Кароолор: 3

ШАМШЫ КАНАЛЫНДАГЫ СУУНУН АГЫМЫН ЖӨНГӨ САЛУУ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛҮҮДӨ

2026-жылдын 3-июлунда Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Покровка айылында жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Шамшы каналындагы суунун деңгээли көтөрүлүп, суу ашып, Заречный көчөсүн каптагандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Окуя болгон жерге Чүй райондук №24 Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам тобу тартылып, абалга баа берүү жана тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Мындан сырткары, жерине айыл аймагы тарабынан 1 экскаватор тартылып, суунун агымын жөнгө салуу жана кесепеттерин жоюу иштери жүргүзүлүүдө.

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу