Жаңылыктар

28.03.2024 19:00

   Кароолор: 357

ШАМАЛ ҮЙЛӨРДҮН, СОЦИАЛДЫК МЕКЕМЕЛЕРДИН ЧАТЫРЛАРЫН УЧУРГАН

Бүгүн, 28-мартта болжол менен саат 16:20 чамасында батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-26 метрге жеткен.Учурда катуу шамалдын кесепеттерин аныктоо улантылууда.

Саат 19.00гө карата алынган маалыматтарга ылайык, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында катталган катуу шамалдын кесепетинен алдын ала маалымат боюнча борбор калаадагы 2 имараттын чатыры учуп, 2 бала жабыркаган. Мындан тышкары борбордо 3 социалдык мекеменин жана 25 турак үйдүн чатырын учурган. Ал эми Чүй облусунда 6 социалдык мекеменин жана 15 турак үйдүн чатырын шамал алып кеткен.

Табигый кубулуштун кесепеттерин жоюу, материалдык чыгымдарды тактоо жана ыкчам чара көрүү максатында жергиликтүү Жарандык коргонуу кызматтары иш алып барууда. Бул тууралуу кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу