Жаңылыктар

17.12.2024 17:27

   Кароолор: 538

ШАХТАДА КАЛГАН 8 КЕН КАЗУУЧУ АМАН-ЭСЕН КУТКАРЫЛДЫ

Бүгүн, 17-декабрь күнү саат 14:38дер чамасында Сүлүктү шаарындагы ЖЧК “Нур” шахтасында газ чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган дарекке 1-өзүнчө мобилдештирилген тоо кырсыгынан куткаруу взводунун өздүк курамынан 7 куркаруучу майор У. Мурзамуратовдун башчылыгында чыгып, саат 15:11де аталган взводдон кошумча дагы 11 куркаруучу капитан И.Балтаевдин башчылыгында чыгышкан.

Сүлүктү шаары боюнча ӨКБнүн башчысы баштаган ыкчам топ да жеринде болуп, взвод куткаруучулары тарабынан 8 кен казуучу (шахтер) аман-эсен куткарылды.

Андан соң куткаруучулар аталган шахтада газдан тазалоо иштерин улантып, ийгиликтүү аякташкан.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу