Жаңылыктар
23.04.2024 15:39
Кароолор: 113
ШААР ТУРГУНУНУН ВИДЕОКАПКАНЫ
Шаар тургундарынын бири жоопкерчиликтүү көз ирмемдерди видео капканга түшүрүп алган. Береги видеодо эл үчүн күндөп-түндөп иштеген учурларды көрөбүз.
Анда Ош шаарындагы нөшөрлөгөн жамгырдан кийинки абал тартылган. Алымбек Датка муниципалдык аймактык башкармалыгынын Алай-1, Алай-2 конуштарындагы сел кесепеттерин жоюу учуру. Күндөп-түндөп иштеген куткаруучулар жана Жарандык коргонуу кызматтарынын өкүлдөрү селдин нугун ички арыктарга буруп жатышат.
Ага улай ӨКМдин куткаруучулары, суучулдары сел өтүүчү жайга толгон таштандыны түнкү саат 23:58де тазалашты. Сел агып чыгуучу тилкенин көзүн ачып, топтолгон сууларды агызышканы тартылган.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР
Иллюстрациялык сүрөт колдонулду