Жаңылыктар

15.11.2023 09:51

   Кароолор: 430

ШААР ТУРГУНУН ИЗДӨӨГӨ 36 КУТКАРУУЧУ ТАРТЫЛДЫ

Бүгүн, 15-ноябрда Нарын шаарынын Шералиев көчөсүнүн 53 жаштагы С.В. аттуу тургунун Нарын шаардык жана Нарын райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 36 куткаруучусу туугандары менен биргеликте жер-жерлерге бөлүнүп, издөө ишин улантышууда.

Учурда куткаруучулар шаардын ички көчөлөрүн жана Нарын дарыясынын жээктеринен, аралдардан карап жатышат.

Белгилей кетсек, шаар тургуну 11-ноябрь күнү болжол менен саат 15:00дө үйүнөн чыгып кеткен бойдон, кайтып келбегендиги тууралуу маалыматты туугандары билдиришкен. 14-ноябрда жерине издөө иштерин жүргүзүп, кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулган.

Издөө иштери тууралуу кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу