Жаңылыктар

14.11.2023 11:57

   Кароолор: 875

ШААР ТУРГУНУ НАРЫН ДАРЫЯСЫНАН ИЗДЕЛҮҮДӨ

Бүгүн Нарын шаарынын Шералиев көчөсүнүн 53 жаштагы С.В. аттуу тургунун издөөнү Нарын шаардык жана Нарын райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 5 куткаруучусу улантышууда.

Учурда куткаруучулар.шаарды аралай аккан Нарын дарыясынын жээктеринен, аралдардан карап жатышат.

Белгилей кетсек, шаар тургуну 11-ноябрь күнү болжол менен саат 15:00дө үйүнөн чыгып кеткен бойдон, кайтып келбегендиги тууралуу маалыматты туугандары билдиришкен. Мындан улам кечээ, 13-ноябрда жерине издөө иштерин жүргүзүүгө Нарын райондук ӨКБдан 20 куткаруучу, жергилктүү тургундардан 2 адам тартылган.

Издөө иштери тууралуу кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу