Жаңылыктар
22.05.2026 12:56
Кароолор: 212
СЕУЛ ШААРЫНДА МИНИСТРДИН ОРУН БАСАРЫ ИСКЕНДЕР СУЛАЙМАНОВ КЫРГЫЗ-КОРЕЙ ӨКМӨТТӨР АРАЛЫК КОМИССИЯСЫНЫН 7-ЖЫЙЫНЫНА КАТЫШУУДА
Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Искендер Сулайманов Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамында 21–22-май күндөрү Корея Республикасынын Сеул шаарында өтүп жаткан Экономикалык кызматташтык боюнча Кыргыз-корей өкмөттөр аралык комиссиясынын 7-жыйынына катышууда.
Кыргыз делегациясын Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков жетектөөдө.
Жыйындын жүрүшүндө тараптар кыргыз-корей эки тараптуу кызматташтыгынын ар түрдүү тармактарындагы актуалдуу маселелерди, анын ичинде өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатындагы өз ара аракеттенүүнү талкуулашты.
Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Корея Республикасынын Ички иштер жана коопсуздук министрлигинин ортосунда табигый кырсыктарды башкаруу жаатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум түзүү аркылуу эки өлкөнүн компетенттүү органдарынын өз ара аракеттенүүсүн чыңдоо боюнча чараларды көрүү тууралуу макулдашууга жетишилди.
Аталган Меморандумдун долбооруна кол коюу 2026-жылдын 17–18-сентябрь күндөрү Корея Республикасынын Сеул шаарында өтө турган «Корея Республикасы – Борбордук Азия» саммитинин алкагында пландалууда.
Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү Протоколго кол коюлду.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОРУ