Жаңылыктар
29.06.2024 16:42
Кароолор: 469
СЕЛГЕ АГЫП КЕТКЕН 2 БАЛАНЫН СӨӨГҮН КУТКАРУУЧУЛАР ТАБЫШТЫ
Ош облусунун Ноокат районундагы Апшыр-Ата айылында сел суусуна агып кеткен 2 эркек баланын (туулган жылы жана аты жөнү такталууда) сөөгүн 29-июнда куткаруучулар таап, ИИБ кызматкерлерине өткөрүшкөн.
Белгилей кетсек, алдын ала маалымат боюнча кечээ 6 адам агып кеткен. 28-июнда 4, бүгүн 2 баланын сөөгү табылган. Учурда тактоо иштери жүрүүдө.
Кошумча маалымат берилет.