Жаңылыктар
20.08.2024 13:51
Кароолор: 499
СЕЛДИН КЕСЕПЕТТЕРИН ЖОЮУДА 1048 АДАМ ИШТӨӨДӨ
Ысык-Көл районунда селдин кесепеттерин жоюу боюнча саат 12:00гө карата маалымат.
Бүгүн, 20-август күнү селдин кесепеттерин ыкчам жоюу иштерин улантууга жалпы 1048 адам, 77 атайын техника тартылып, тазалоо ииштери жүргүзүлүүдө.
Анын ичинен ӨКМден 385 куткаруучу, 7 инженердик техника, 8 мотопомпа иштөөдө.
Мындан сырткары Жарандык коргонуу кызматтарынан 363 кызматкер жана 47 инженердик техника, 3 ассенизатор, Садыр-Аке айыл аймагынан 300 ыктыярчы, Чайна-Роуд ишканасынан 27 инженердик техника, 27 кызматкер жеринде иш алып барууда.
Жеринде Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов көзөмөлгө алууда.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР