Жаңылыктар
12.04.2026 19:46
Кароолор: 7
СЕЛДЕН АДАМ КАНТИП САКТАНУУ КЕРЕК?
Жаз айларынын келиши, күндүн жылышы жана жаан-чачындуу аба ырайына байланыштуу аймактарда сел жүрүү тобокелдиги жогорулай турганы белгилүү.
Катуу жааган жамгыр, тоодон түшкөн сел — бир нече мүнөттө эле чоң кырсыкка айланышы мүмкүн. Суу ташкыны - адам өмүрүнө коркунуч жаратып, үйлөрдүн жана жолдордун бузулуусуна алып келет.
Мындай учурда эң башкысы – дүрбөлөңгө түшпөй, туура аракет кылуу маанилүү.
Сел коркунучу жаралган учурда эске алчу маанилүү кеңештерди сунуш кылабыз.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР