Жаңылыктар

26.05.2026 17:43

   Кароолор: 139

СЕЛ СУУСУ ӨТҮҮЧҮ КӨПҮРӨЛӨРДҮН СЫЙЫМДУУЛУГУН КЕҢЕЙТҮҮ ТАПШЫРМАСЫ КОЮЛДУ

22-23-май күнү Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Алмазбек Асанов атайы иш сапары менен Ысык-Көл облусуна келди. Анда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлери менен биргеликте республикалык маанидеги унаа жолдордогу көпүрөлөрдүн суу өткөрүү сыйымдуулугун жеринен карап чыгышты.

Алсак 2025-2026-жылы сел жүргөн Балыкчы — Чолпон-Ата — Каракол унаа жолунун Тамчы, Корумду, Булан-Сөгөттү, Темировка айылдарындагы көпүрөлөрдү, Каракол — Эңилчек унаа жолундагы Маман, Кереге-Таш айылындагы жана Балыкчы — Барскон — Каракол унаа жолундагы Кара-Шаар, Эшперов, Ак-Сай айылдарында жайгашкан жалпы 25 участоктогу көпүрө каралды.

Жер-жерлерде Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин карамагында турган көпүрөлөрдүн айрымдары таштандыга толуп, жээги бекемделбегени аныкталды. Ошондой эле кошумча суу түтүкчөлөрдү орнотуу, кеңейтүү, тазалоо зарылдыгы белгиленип, протоколдук тапшырма берилди.

Мындан сырткары сел өтүүчү сайдын нуктарына жакын үй, эс алуу жайларын салуу кооптуу экени айтылып, жарандардын коопсуздугу жана өмүрү эң башкы мааниге ээ экендиги белгиленди.

Өз кезегинде Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан сел жана суу каптоо коркунучу бар унаа жолдордун чакырымдарындагы көпүрөлөрдү кеңейтүү ошондой эле жол салып жаткан чет элдик жеке менчик ишканаларга тиешелүү тапшырмалар берилери белгилүү болду.

ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР Ысык-Көл башкармалыгы

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу