Жаңылыктар

13.08.2024 10:26

   Кароолор: 492

СЕЛ СУУСУ КАПТАГАН "РУХ ОРДО" МАДАНИЙ БОРБОРУ ТАЗАЛАНУУДА

12-август күнү саат 21:30да нөшөрлүү жаандан улам Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында сел жүрдү. Кокту-колоттордон келген сел суусу шаардагы 1 дүкөндүн, 7 турак жайдын короосуна жана Ч.Айтматов атындагы "Рух Ордо" маданий борборун каптаган. Ошондой эле Бактуу-Долонотуу айылындагы бир турак үйдүн жертөлөсүнө суу кирген.

Таң эрте Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев башында турган 46 куткаруучу Рух Ордо маданий борборун тазалоого киришти.

Жеринде Жарандык коргонуу кызматынын 2 инженердик техникасы тартылган.

Борборду ыкчам тазалоо максатында кошумча күч катары ӨКМдин дагы 75 куткаруучусунун жана техникалардын тартылуусу күтүлүүдө

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу