Жаңылыктар

25.05.2024 11:21

   Кароолор: 300

СЕЛ КООПТУУЛУГУ ЖАРАЛГАН АЙМАКТАН 250 ЖАШООЧУ ЭВАКУАЦИЯЛАНДЫ

Бүгүн Жалал-Абаддын Аксы районунда алдын ала маалымат боюнча, саат 19:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен Кара-Камыш айыл аймагындагы Кезарт айылында Кара-Жыгач – Кызыл-Көл унаа жолунун 6-чакырымында сел жүрдү.

Сел унаа жолдун көпүрөсүнөн ашып, натыйжада жол каттам жабылган. Ошондой эле Кезарт сел сайынан Кара-Суу дарыясына жамгыр суусунан топтолгон селден суунун деңгээли көтөрүлгөн. Ага жакын жайгашкан 64 үйгө суу каптоо коркунучу жаралгандыктан, 250 адам коопсуз жайларга (туугандарына) көчүрүлдү.

Жеринде абалды координациялоо иштерин жүргүзүүгө КР ӨК министринин орун басары Э. Кулматов, жана Президенттин Жалал-Абад облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү, ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгынан ыкчам топ, Кара-Камыш а/а 3 кызматкер тартылган.

ӨКМден 2 экскаватор, Кара-Камыш а/а 2 самосвал, 2 жүктөгүч, Сары-Челек а/а 2 жүктөгүч, Суу чарба кызматынан 2 самосвал, №12 ЖТИден 1 жүктөгүч, жалпы 18 куткаруучу 3 мотопомпа тартылып, селдин кесепеттерин жоюу иштери жүргүзүп жатышат.

Ошондой эле ушул эле күнү Жалал-Абад шаарнын Спутник кичи районунун Манас проспектисинин жайгашкан үйдүн жертөлөсүнө жана короосуна жамгыр суулары киргендиги тууралуу маалымат түшкөн. Жерине шаардык №20 ӨКБдан 3 куткаруучу мотопомпа менен тартылган.

Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

(Сүрөт интернет айдыңынан алынды)

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу