Жаңылыктар
11.07.2024 01:00
Кароолор: 250
СЕЛ КАПТАГАН ТИЛКЕЛЕРДЕН 137 ТУРГУН ЭВАКУАЦИЯЛАНДЫ
Баткен районундагы Ак-Татыр айылынын суу каптаган тилкелеринен саат 1:30га карата жалпы 137 жаран алардын ичинен 50сү жаш бала туугандарынын үйүнө көчүрүлдү.
Жеринде ӨКМдин Баткен облустук башкармалыгынын жетекчиси, подполковник Таалайбек Айткулов баштаган Үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отрядынын жана Баткен району боюнча ӨКБнын өрт өчүрүүчү куткаруучулары эвакуциялоо иштерин жасап жатышат.
Айыл мектебине убактылуу баш калкалоочу жай уюштурулду. Учурда жайгашкан тургунда жок.
Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР