Жаңылыктар
21.08.2024 16:15
Кароолор: 272
СЕЛ КАПТАГАН АЙЫЛДАРДА ЖАЛПЫ 983 АДАМ, 57 ТЕХНИКА ИШТЕП ЖАТАТ
Ысык-Көл районунун селден жабыркаган айылдарында тазлоо иштерине саат 15:00гө карата кошумча Жарандык коргонуу кызматтарынан 129 адам, 11 атайын техника тартылган.
Бүгүн жалпы 983 адам, 57 атайын техника иш алып барууда.
Ошондой эле таза суусуз калган айыл элин куткаруучулар суу менен камсыздашууда.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР