Жаңылыктар

20.08.2024 09:20

   Кароолор: 609

СЕЛ КАЛДЫГЫН ТАЗАЛООГО 755 АДАМ, 59 ТЕХНИКА ТАРТЫЛДЫ

Бүгүн, 20-августта таң эрте сел кесепеттерин жоюу иш-чараларын улантуу үчүн жалпы 755 адам, 59 атайын техника тартылган.

Анын ичинен ӨКМден 358 куткаруучу, 7 инженердик техника, 8 мотопомпа чыкты .

Ал эми облустук Жарандык коргонуу кызматтарынан 397 кызматкер жана 33 ХОВО, 16 жүктөгүч, 7 экскаватор, 3 ассенизатор тартылган.

Алдын ала маалымат боюнча Ысык-Көл районунда 497 турак үй, 3 социалдык мекеме (1 бала бакча, 1 ФАП, 1 китепкана) эс алуу жайлары жабыркаган.

Белгилей кетсек, 19-августта КР ӨКМдин куткаруучулары 25 турак үй, Жарандык коргонуу кызматтары 35 үй, жалпысынан 60 турак жай сел калдыктарынан толук тазаланган.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу