Жаңылыктар
30.07.2024 13:40
Кароолор: 293
САУД АРАБИЯ ПАДЫШАЧЫЛЫГЫНЫН ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ ДИРЕКТОРАТЫНЫН ӨКҮЛДӨРҮ КЫРГЫЗСТАНГА ИШ САПАРЫ МЕНЕН КЕЛДИ
Бүгүн, 30-июлда таң эрте Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев баштаган курам Сауд Арабия Падышачылыгынын Жарандык коргонуунун директоратынын башкы директору, генерал-майор Хаммуд Сулайман Альфарадж мырза башында турган делегацияны “Манас” эл аралык аэропортунан кабыл алды.
Сауд Арабиядан келген Жарандык коргонуу кызматынын өкүлдөрүн тоолуу Кыргыз Мамлекетине анын ичинде Өзгөчө кырдаалдар министрлигине расмий иш сапары менен келишин куттуктаган Бообек Ажикеев, алдыда өз тармактарында эки тараптуу кызматташуу бекемделип, өзгөчө кырдаалдарга биргеликте туруштук берүү ийгиликтүү уланарына ишеним билдирди.
Белгилей кетсек, бүгүн Жарандык коргонуу кызматынын өкүлдөрүн “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында расмий кабыл алынып, эки тараптуу жолугушуу өтөт.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР