Жаңылыктар

04.05.2026 19:06

   Кароолор: 1022

САРЫ-ЖАЗДА ЖАЙЫТ ЖЕРЛЕРДИ БАЙЛАНЫШТЫРГАН ЭКИ КӨПҮРӨ КУРУЛУУДА

Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Ысык-Көл облусуна кезектеги иш сапары менен келди. Министр эң алды менен облустун Ысык-Көл районунун Ананьева айылында жаңы өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн курулуш ишинен кабар алды. Өз сөзүндө министр курулуш ишинде өзгөчө сапатка басым жасоо, өрт өчүрүүчүлөрдүн жумушун жеңилдетүүгө болгон шарттарды түзүү жана акча каражатын максаттуу жумшоо керектегин баса белгиледи.

Иш сапардын жүрүшү андан соң Ак-Суу районундагы бийик тоолуу Сары-Жаз өрөөнү көздөй уланды. Аталган аймакта Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Сары-Жаз дарыясында эки көпүрө курулууда. Стратегиялык маанидеги бул көпүрө Ак-Суу жана Түп райондорундагы жайыт жерлерди бириктирүү менен аймакта туристтик маршрут үчүн абдан маанилүү болуп саналат.

Мындан улам министр жеринде жүрүп жаткан курулуштун жүрүшү менен таанышып, тездетүү тапшырмасын койду.

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу