Жаңылыктар

16.10.2026 12:13

   Кароолор: 14

САРЫ-ЖАЗ ДАРЫЯСЫНДА ЭКИ КӨПҮРӨНҮН КУРУЛУШУ ЖАНА ЖЭЭК БЕКЕМДӨӨ ЖУМУШУ ЖҮРҮҮДӨ

Бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарында Ак-Суу районундагы Сары-Жаз өрөөнүндө жүрүп жаткан курулуштардан кабар алды. Учурда өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Сары-Жаз дарыясынын кооптуулук жараткан үч тилкесинде жээк бекемдөө жумушу жүрүүдө. Дарыянын бекемделип жаткан нугунун жалпы узундугу 930 метрди түзөт.

Мындан тышкары ӨКМ тарабынан Сары-Жаз дарыясынын нугуна 2 көпүрөнүн курулушу жүрүүдө. Учурда бетон иштери аяктап, толугу менен ушул жылдын ноябрь айында курулушту бүтүрүү мерчемделген.

Белгилей кетсек, ӨКМ тарабынан Сары-Жаз дарыясына буга чейин "Зайнулин" жана "Ак-Үңкүр" көпүрөлөрүнүн курулушу бүткөрүлүп, пайдаланууга берилген.

Ошондой эле, Канатбек Чыныбаев Ак-Суу районундагы "Ала-Тоо резорт" тоо-лыжа базасында курулуп жаткан кар көчкү станциясынын курулушунан кабар алды. Кар көчкү станциясы туристтик аймакта аба ырайын аныктап жана коопсуздукту сактоого шарт түзөт.

ӨКМ ПРЕСС-БОРБОРУ

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу