Жаңылыктар

06.11.2025 11:24

   Кароолор: 225

САРЫ-КЫР АШУУСУНДА КАЛГАН ЖАРАНДЫ КУТКАРУУГА ӨКМдин ТИК УЧАГЫ УЧУП КЕТТИ

Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-лейтенант Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен 6-ноябрда Сары-Кыр ашуусунда калып калган жаранды эвакуациялоого ӨКМдин тик учагы учуп кетти. Мындан сырткары таң эрте жеринде 28 адам (анын 16сы ӨКМ кызматкерлери), 6 техника издеп куткаруу иштерин аткарууда.

Тактап айтканда, 5-ноябрда Жалал-Абад – Казарман унаа жолунун Сары-Кыр ашуусунда 30 жаштагы К.Э. аттуу жаран автоунаасы менен кар күрткүсүнө тыгылып, жардам сураган.

Кечээ бул ашууга ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгына караштуу Тогуз-Торо райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 4 куткаруучусу, 4 милиция кызматкери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана “China Railway International” компаниясынан 4 адам жүктөгүч менен чыгышкан. ӨКМге караштуу Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын куткаруучулары да тартылышты.

Мындан сырткары Жалал-Абад башкармалыгынын башчысы, полковник Ч.Шекенов куткаруу иштерин токтоосуз улантуу максатында, ыкчам жыйын өткөрүп, кытайлык темир жолчулардын кошумча оор инженердик 2 техникасын жолду ачууга тартышкан. Куткаруу иштеринин натыйжасы тууралуу кошумча маалымат берилет.

Эске салсак, ашуудагы бул унаа жолу 2025-жылдын 1-октябрында Тогуз-Торо жана Сузак райондорунун акимдери чыгарган тескемелердин негизинде жабылган.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу