Жаңылыктар

03.03.2024 09:42

   Кароолор: 692

САПАРГА ЧЫГУУДА САК БОЛУҢУЗ! КАР КӨЧКҮ ТҮШҮҮСҮ КҮТҮЛӨТ

❗️📢САПАРГА ЧЫГУУДА САК БОЛУҢУЗ!

 

КАР КӨЧКҮ ТҮШҮҮСҮ КҮТҮЛӨТ

 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидромет кызматынын маалыматына ылайык, 3-марттан 5-мартка чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана түзүлгөн метеорологиялык кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана унаа жолдорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Алар:

🔺️Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 55-115 чакырымы;

🔺️ Бишкек— Нарын — Торугарт унаа жолунун 292-305 чак. (Долон ашуусу), 353-357-чак. (Кызыл-Бел ашуусу);

🔺️Казарман — Ак-Тал — Чат унаа жолунун 42-44, 60-94-чак. (Кара-Гоо ашуусу,

Ийри-Суу тилкеси),

🔺️Каракол — Эңилчек унаа жолунун 45-90-чак. (Чоң-Ашуу ашуусу) .

Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу