Жаңылыктар

16.07.2025 14:36

   Кароолор: 269

САНДАР СҮЙЛӨЙТ! КЫРГЫЗСТАНДА АЛГАЧКЫ МЕТЕОРОЛОГИЯЛЫК СТАНЦИЯ КАЧАН ТҮЗҮЛГӨН?

1856-жылы орус саякатчысы Н Северцев Кыргызстанда алгачкы метеорологиялык станцияны Ысык-Көлдүн Ак-Суу айылында ачкан. Бул жерде жаан-чачынга, абанын температурасына, атмосфералык кубулуштарга байкоолор жүргүзүлгөн.

1881-жылдан тарта Ош шаарында аба ырайына үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүлө баштаган. Бул жылы артиллериянын подполковниги Ярослав Корольков уюштурган Каракол метеорологиялык станциясы 1933-жылга чейин метеорологиялык байкоолорду жүргүзгөн.

1881-жылдын октябрында Оштун Гүлчө айылында аскердик үчүнчү метеостанция пайда болгон. Метеорологиялык жайга кабина, флюгер, күн сааты жана жамгыр өлчөгүч орнотулган. Байкоочусу сержант С.М. Долгополов эле.

1885-жылы Нарында метеорологиялык пост ачылган.

1889-1913-жылдар аралыгында Эркештам, Рыбачье, Токмок, Пишпек (азыркы Бишкек, Жергетал станциялары ачылган Тос дарыясында жана Кочкордо да ачылган.

Ошол жылдары метеорологиялык объекттерге жыгач мамылар флюгердин кызмат кылган. Кезинде байкоо техникасынын жоктугу, начар шаймандар, байкоолорду үзгүлтүккө учураткан – бул көрүнүштөр байкоо материалдарынын баалуулугун төмөндөткөн. Бирок, чогултулган гидрометеорологиялык материалдар Кыргызстандын жаратылышын жана климатын изилдөөгө баа жеткис салым кошуп турган.

1926-жылы 18-июлда Кыргыз АССРде метеорологиялык бюро түзүлгөн. Бирок 2016-жылы Өкмөттун токтому менен 16-июль - Кыргызстандын Гидрометеорологиялык кызматынын түзүлгөн күнү катары кабылданган.

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу