Жаңылыктар
25.09.2026 14:37
Кароолор: 11
САНАРИПТИК САБАТТУУЛУК — НАТЫЙЖАЛУУ ИШТИН НЕГИЗИ
Бүгүнкү күндө иштин натыйжалуулугу ар бир кызматкердин санариптик сабаттуулугунан да көз каранды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылуу, маалыматтык коопсуздукту сактоо жана алдамчылык фактыларга жол бербөө үчүн санариптик билимдерди өркүндөтүүдө.
Санариптик инфраструктураны кантип коргой алабыз? Төмөнкү кеңештерди эске алууну сунуштайбыз:
ишенимдүү сырсөздөрдү колдонуңуз;
шектүү шилтемелерди, тиркемелерди ачпаңыз жана жөнөтүүчүнү текшериңиз;
кызматтык же жеке маалыматтарды уруксатсыз байланыш каналдары аркылуу жөнөтпөңүз;
белгисиз флешкаларды кызматтык компьютерлерге туташтырбаңыз;
жумуштан кетип жатканда компьютерди кулпулаңыз;
кызматтык документтерди жана жеке маалыматтарды жасалма интеллект сервистерине жүктөбөңүз;
ар бир туура аракет маалыматты жана Министрликтин санариптик инфраструктурасын коргойт.
Коопсуздук — сизден башталат!
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОРУ