Жаңылыктар

20.02.2024 17:40

   Кароолор: 487

САКТЫККА КОРДУК ЖОК. ӨРТ КООПСУЗДУГУН ТҮШҮНДҮРҮШТҮ

САКТЫККА КОРДУК ЖОК. ӨРТ КООПСУЗДУГУН ТҮШҮНДҮРҮШТҮ

 

Бүгүн Нарын облусунун Ат-башы жана Кочкор райондорунда өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн адистери атайы иш-чараларды өткөрүштү.

Кышындагы жылытуу мезгилинде өрт кырсыктарын алдын алуу иштери күчөтүлүп, өрт коопсуздук эрежелерин түшундүрүштү.

Анда социалдык мекемелерде тактап айтканда, райондордун аймагындагы мектептерде, бала-бакчаларда тилсиз жоонун алдын алуу ыкмаларын иш жүзүндө көрсөтүштү.

Ошондой эле куткаруучулар дарыгерлерге өрттү алдын алуу жана өрт коопсуздук эрежелерин сактоого үгүттөп, нускамаларды таратышты.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу