Жаңылыктар

20.12.2024 13:57

   Кароолор: 350

САДЫР ЖАПАРОВ: “КҮЧТҮҮ ЖАНА ӨНҮККӨН КЫРГЫЗСТАНДЫ КУРУУНУН ТУРУКТУУ БАГЫТЫНА ТҮШТҮК”

Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда бүгүн, 20-декабрда үчүнчү Элдик курултай өтүүдө. Ага республиканын жалпы аймактарынан келген 700 делегат катышып жатат.

Элдик курултайга президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Шакиев, Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана анын орун басарлары, министрлер катышууда.

Курултайда сөз сүйлөгөн президент Садыр Жапаров бүгүнкү иш-чарада өлкөнүн, элдин, бийликтин жана мамлекеттин жаркын келечеги тууралуу талкуу болорун айтты. Эки күн бою түрдүү пикирлер, көз караштар айтылып, ортого салынган ойлор менен жыйынтыктуу чечимдер кабыл алынат.

"Ар бир көйгөй жана демилгелер мамлекттин келечегине таасир берет. Эң негизги маселе катары: мамлекетти кантип күчтөө керек, алдыга койгон дымак, максаттарды кантип ишке ашырабыз, алдыңкы өлкөлөргө кантип тең келебиз, бузулгус биримдмикти кантип чыңдайбыз деген маанилүү маселе коюлат. Биз күчтүү жана өнүккөн Кыргызстанды куруунун туруктуу багытына түштүк жана андан тайбайбыз. Мамлекттин экономикалык өсүшү жаңы тарыхый чектерди багындырууда. Алсак ички дүң продукциянын көлөмү 2020-жылы 639 млрд сомду түзсө, быйыл 1,5 трлн сомдук чекке жетүүнү пландап жатабыз”, - деп белгиледи Президент. Муну менен катар бийлик коррупцияга аеосуз күрөштү уланта берерин кошумчалады.

Белгилей кетсек, Курултайдын биринчи бөлүгү бүгүн саат 19:00гө чейин уланаары жана 150 делегатка сөз берилери белгилүү болду. Элдик жыйын 2 күнгө созулмакчы.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу