Жаңылыктар

19.08.2024 20:04

   Кароолор: 312

САДЫР АКЕ АЙЫЛ ӨКМӨТҮНДӨ 738 АДАМ ИШТЕДИ

Ысык-Көл районунун Садыр Аке айыл өкмөтүндө катталган сел боюнча саат 22:30га карата төмөнкүдөй жумуштар аткарылды.

Учурда ӨКМдин куткаруучулары 25 турак үй, Жарандык коргонуу кызматтары 35 турак үй тактап айтканда, жалпысынан 60 турак үй сел калдыктарынан толук тазалашкан. Ал эми алдын ала маалыматка караганда Ысык-Көл району боюнча 497 турак үй, 3 социалдык мекеме (1 бала бакча, 1 ФАП, 1 китепкана) жабыркаган.

Селдин кесепеттерин жоюуга жалпы 738 адам, 59 атайын техника тартылган. Анын ичинен ӨКМден 341 куткаруучу иштеп, 7 инженердик техника, 4 мотопомпа тартылган.

Облустук Жарандык коргонуу кызматтарынан 397 кызматкер жана 33 ХОВО, 16 жүктөгүч, 7 экскаватор, 3 ассенизатор чыгарылган.

Учурда кеч киргендигине байланыштуу тазалоо иштери 20-август күнү улантылмакчы.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу