Жаңылыктар
18.10.2023 16:05
Кароолор: 810
РОССИЯНЫН ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРИ А. КУРЕНКОВ “112 КЫЗМАТЫНЫН” ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ МЕНЕН ТААНЫШТЫ
Кыргызстанга келген Россия Федерациясынын Жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча министри, генерал-лейтенант Александр Куренков баш болгон атайы делегация иш-сапардын алкагында КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборуна барды.
Борбордун босогосуна кыдырата тизилген акыркы үлгүдөгү техникалар, куткаруу шаймандары жана Россиядан ушул жылдын март айында келген өрт өчүрүүчү унаалар тууралуу кеңири маалымат берилди.
Алсак өзгөчө кырдаал очогунда абалды ыкчам башкарууда жана кооптуу аймакта турган адам өмүрүн аралыктан сактоо максатында колдонулуучу дрондор, өлкөдөгү сел, жер жана кар көчкү жүрүүчү жерлерди аныктоодогу заманбап техникалар, калдык сактоочу жайларды рекультивациялоо иштеринде керектелүүчү аппараттарга басым жасалды. Ошондой эле куткаруу унаасы, бардык шартта колдонулуучу куткаруу шаймандарынын топтому, жаңы келген өрт өчүрүүчү унаалардын өзгөчөлүктөрүнө күбө болду.
Андан соң россиялык кесиптештер борбордун имаратына баш багып, өлкөдөгү орун алган кырсыктарда чалууларга күнү-түнү жооп берип, керектүү ыкчам жардамды көрсөткөн бирдиктүү 112 кызматы менен таанышты. Кырсыктардын алдын алууда спутник байланышы аркылуу абалды башкаруу, видеокамералар менен көзөмөл жүргүзүү, кызматкерлердин кырсык тууралуу жеткиликтүү маалыматтык базаны колдонуусу, өзгөчө кырдаалда калкка маалымдоонун түрлөрүн көрүштү.
Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кризистик кырдаалдарды башкаруудагы мүмкүнчүлүктөрүнө күбө болгон министр А. Куренков Россиядагы кесиптештерине видео аркылуу түз байланышка чыкты.
Белгилей кетсек, эки өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрликтери адистердин билимин жогорулатуу, тажрыйба алмашуу, окутуу жана техникалык колдоо көрсөтүү жаатында тыгыз кызматташып келет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР