Жаңылыктар
12.01.2024 09:49
Кароолор: 24495
РОССИЯЛЫК АЛЬПИНИСТ КУТКАРЫЛДЫ
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тик учагы менен россиялык альпинисттин өмүрү сакталып калды.
12-январь күнү ӨКМге туристтик компаниялардын биринен чалуу түшүп, анда Ак-Сай капчыгайындагы "Хижина Рацека" жайында россиялык Е.Ефремова аттуу альпинист бутунан жаракат алганын билдирген.
Жерине ӨКМдин Авиациялык издеп-куткаруу кызматынын тик учагы саат 13:30 учуп, аба-ырайынын катаал шартына карабастан, катуу шамалда "Рацека" мөңгүсүнөн ары 3800 м бийиктикке конуп, жабырлануучуну куткарылган.
Турист тез жардам кызматына өткөрүлүп берилди. Учурда абалы канааттандырарлык.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР