Жаңылыктар

21.08.2025 09:10

   Кароолор: 31

РОССИЯЛЫК 2 АЛЬПИНИСТТИ ТИК УЧАК МЕНЕН КУТКАРЫШТЫ

Ала-Арча капчыгайынын “Байчечекей” чокусунда калган россиялык 2 альпинист куткарылды.

Тактай кетсек, кечээ, 20-август күнү Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Ала-Арча капчыгайында жайгашкан “Байчечекей” чокусуна Ильюшинка 4б маршруту менен чыгып, кайтып келаткан Россия Федерациясынын 2 альпинистти караңгыда жол таппай тоодо түнөп калышкан.

Аталган чоку деңиз деңгээлинен 4515 метр бийиктикте жайгашкандыктан, куткарууга ӨКМдин AIRBUS H125 тик учагы тартылып, саат 6:55те чокуда калган альпинисттерди тик учак менен Бишкек шаарына саат 7:19да алып келген. Өз убагында ӨКМдин Апааттык медицина кызматынын дарыгерлери алгачкы жардамдарын көрсөтүштү.

Альпинисттерди куткарууга ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун “Эдельвейс” кошуунунун 1-издеп куткаруу тобунун командири, лейтенант Эльдар Эсенбеков куткарууга тартылган.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу