Жаңылыктар

17.04.2025 17:55

   Кароолор: 837

РОССИЯДА БИЛИМ АЛЫП ЖАТКАН КЫРГЫЗСТАНДЫК КУРСАНТТАР ЖЕҢИШТЕРДИ БАГЫНДЫРУУДА

Россия Федерациясынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Мамлекттик өрткө каршы академиясында билим алып жатышкан биринчи курсунун курсанттары Иминов Ильяс Турсуналиевич жана Шапыев Баяман Алтынбекович инженердик графика боюнча 1-орунду жана 3-орунду алып, атайы сыйлыктарга ээ болушту.

Ошондой эле РФ Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын Санкт-Петербург университетинин студенти, сержант Рахматов Азиретали Санкт-Петербург шаарында өткөн студенттик футбол лигасынын финалдык беттешине катышып, андагы команданын оюнчулары 6:4 эсебинде жеңишти багындырышкан.

Муну менен сынакка катышкан кыргызстандык курсанттар өздөрүнүн даярдыктарынын мыкты деңгээлин, профессионалдык өсүүгө карай умтулуусун, бийик жетишкендиктерин далилдешти. Бул жеңиштер - талыкпас эмгектин, өздөрүнүн тандаган кесибине берилгендигинин натыйжасы. Биздин курсанттардын татыктуу жеңиши менен куттуктайбыз!

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу