Жаңылыктар
15.08.2026 11:46
Кароолор: 206
РОССИЯ ЖАНА КАЗАКСТАНГА БИЛИМ АЛУУГА ЖӨНӨТҮЛҮП ЖАТКАН КУРСАНТТАР АНТ БЕРДИ
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунда бүгүн, 15-августта Россия Федерациясынын жана Казакстан Республикасынын Жарандык коргонуу, өрт коопсуздугу багытындагы мамлекеттик академияларына тапшырууга жөнөтүлүп жаткан курсанттардын ант берүү аземи болуп өттү.
Аталган өлкөлөрдүн жана Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрликтери ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык, атайы квота менен быйылкы жылы 17 курсант жөнөтүлүп жатат.
Тактап айтканда, алар: Россиянын ӨКМнин Мамлекеттик өрткө каршы кызматынын академиясына Техносферанын коопсуздугу багыты боюнча, Жарандык коргонуу академиясынын өзгөчө кырдаалдардан коргонуу профили боюнча, Санкт-Петербург университетинин Өрт коопсуздугу багытында жана Казакстандын Малик Габдуллин атындагы Граждандык коргонуу академиясына билим алууга жөнөтүлүүдө.
Бул окуу жайларды аяктаган курсанттар лейтенант аскердик наамы менен кайтышат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОРУ