Жаңылыктар

17.05.2025 23:40

   Кароолор: 269

РӨКОнун КУТКАРУУЧУЛАРЫ АЛЬПИНИСТТИК СПОРТТО БИРИНЧИЛИКТИ БАГЫНДЫРЫШТЫ

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскердик бөлүктөрү альпинисттик спорт боюнча күч сынашты.

Буга чейин куткаруучулар спорттун ар кандай түрлөрү менен машыгып күжүрмөн даярдыгын күчөтүү, чыңдоо каралган.

Мындан улам 2025-жылдын 15-18-май күндөрү туризми спорту боюнча өткөрүлүүчү Кыргызстандын чемпионатына катышууга даярдык көрүштү.

ӨКМге караштуу Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбордун , Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын командалары Аламүдүн районунун Чуңкурчак капчыгайында таймашты.

Натыйжада Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын куткаруучулары I орунду багындырып, кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланышты.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу