Жаңылыктар
19.10.2025 21:34
Кароолор: 266
РЕСПУБЛИКАЛЫК ӨЗҮНЧӨ КУТКАРУУ ОТРЯДЫНДА ЖООКЕРЛЕР ЖАТАКАНАСЫ КУРУЛУУДА
КР Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-лейтенант Б.Э.Ажикеевдин тапшырмасы менен ӨКМге караштуу Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын жоокерлери үчүн жаңы эки кабаттуу имараты Ош шаарында курулууда.
Курулуп бүткөн соң аскердик милдеттерин өтөгөндөргө шарт түзүлүп калат. Тагыраагы, жаркыраган имаратта окуу класстары жуунучу жай, уктоочу бөлмө, окуу класстары каралган.
Мындан сырткары Республикалык өзүнчө куткаруу отрядында тосмолорду, азык-түлүк кампасын, текшерүү өткөрмө жайларын жаңылоо, имараттардын чатырын жана сыртын оңдоп түзөө иштери жүрүүдө.
Жоокерлердин ден соолугун чыңдоо максатында отряддын аймагына көп кырдуу спорт аянтчасын куруу каралган.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР