Жаңылыктар

30.11.2023 15:00

   Кароолор: 14121

РЕСПУБЛИКАЛЫК ӨЗҮНЧӨ КУТКАРУУ ОТРЯДЫНА 50 ЖЫЛ

Бүгүн, 30-ноябрда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын 50 жылдык мааракеси жана отрядга жаңы кабыл алынган аскерлердин ант берүү салтанаты белгиленди

Майрамдык салтанатка РӨКОнун куткаруучулары, ардагерлери, өздүк курамы, ошондой эле болочоктогу куткаруучу жоокерлердин ата-энелери катышышты.

Мааракенин ачылышында ӨК министри, генерал-майор Бообек Ажикеев куттуктоо сөзүн сүйлөп, борбордун тарыхына токтолду.

“Куткаруучулардын тарыхында бүгүнкү күн өзгөчө маанилүү. Мындан чейрек кылым мурда Орто Азия өлкөлөрүнүн ичинен биринчилерден болуп, Кыргызстандын Чүй облусундагы Москва районунун Садовое айылында 945-өзүнчө механизациялаштырылган жарандык коргонуу полку түзүлүп, ар кандай өзгөчө кырдаалдардан коргонуу иштерин аткарышты.

Жыл өткөн сайын дүйнө жүзүндө климат өзгөрүп, табияттын мындай кооптуу кубулуштары өлкөбүздүн жер-жерлеринде кайталанууда. Мындай өзгөчө кырдаалдардан тургундардын коопсуздугун камсыздоо, аларга жардам берүү максатында 1995-жылдын август айында бул полк Ош облусуна көчүрүлүп, бүгүн да ийгиликтүү кызмат өтөп келесиздер”, - деди министр.

Анын айтымында, отряд өзүнүн жарым кылымдык тарыхында бир нече жолу кошумчаланып түзүлгөн. Отряддын куткаруучулары тайманбастык менен өз өмүрүн тобокелдикке салып, нечендеген адам өмүрлөрүн сактап калышкан.

“Саналуу мүнөттөрдө асман тиреген имараттарды жер менен жексен кылып, 11 шаарын жок кылган жер титрөөдө кыргыз куткаруучулары түрк элине алгачкылардан болуп жардамга кол сунганы тарых барактарында алтын тамгалар менен жазылып калды. Дүйнө элин ыйлаткан бул зилзалага сиздер катышып, бири нече адам өмүрүн сактадыңыздар. Ал эми өз өлкөбүздүн түштүгүндөгү жер көчкүлөрдө, жер титирөөдө, чек ара окуяларында издеп-куткаруу иштерин жан дилиңиздер менен аткардыңыздар”, - деген министр маараке ээлерин куттуктап, куткаруучуларга ийгиликтерди каалады.

Андан соң Бообек Ажикеев жаш жоокерлердин ант берүүсүн кабыл алды: “Ата Мекен алдында ант берүү, аны коргоо – ар бир жарандын милдети. Антыңарды бекем сактагыла жоокерлер!”, - деди.

Расмий бөлүк аяктаган соң ата-энелер менен биргеликте жоокерлердин окуу бөлмөлөрүн, жатаканасын, ашканасын көрүп чыгып, аларды кызыктырган бардык суроолорго жооп берди. Министрдин айтымында, жоокерлер жыл ичинде саптык даярдыктан өтүп, алгачкы медициналык жардам көрсөтүү, тоодон, суудан куткаруу, табигый жана техногендик кырсыктардан жабыркагандарды куткаруу ыкмаларын толук өздөштүрүшөт. Мындан сырткары бир жылы текке кетпей англис, түрк тилдерин үйрөнүп, кошумча электрик, ширетүүчү кесиптеринин ээси болуп, алгачкы кесиптик билим менен үйлөрүнө кайтышат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР