Жаңылыктар
25.09.2026 15:58
Кароолор: 157
РЕСПУБЛИКАЛЫК КОМАНДАЛЫК-ШТАБДЫК МАШЫГУУ: ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТТАРЫНЫН ДАЯРДЫГЫ ТЕКШЕРИЛДИ
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин республикалык командалык-штабдык машыгуусунун алкагында Ош облусундагы Жарандык коргонуу кызматтарынын өзгөчө кырдаалдарга даярдыгы текшерилди.
Машыгуу учурунда Жарандык коргонуу кызматтарынын, тутумдарынын жер титирөө сыяктуу табигый өзгөчө кырдаал катталган учурда аткара турган иш-аракеттери, күчтөрдү жана каражаттарды тартууга даярдыгы, ошондой эле кызматтардын өз ара аракеттенүүсү каралды.
Иш-чаранын жүрүшүндө кызматтардын аткарган иштери боюнча маалыматтар угулуп, экинчи күндүн жыйынтыгы чыгарылды.
Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Алмазбек Асанов Жарандык коргонуу кызматтарын текшерүү учурунда ар бир кызмат өз ара тыгыз байланышта, биргеликте иш алып барганда гана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин натыйжалуу жоюуга болорун белгиледи. Тиешелүү кызматтарга өзгөчө кырдаал учурунда ыкчам жана биргелешип иш алып баруу жана кетирилген кемчиликтерди жоюу тапшырмасы коюлду.
Ал эми 25-сентябрда республикалык командалык-штабдык машыгуунун практикалык көндүмдөрү көрсөтүү менен жыйынтыкталмакчы.
Белгилей кетсек, машыгуу Кыргыз Республикасынын Президенти – Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун башчысы Садыр Жапаровдун 2026-жылдын 29-январындагы №20 Жарлыгы менен бекитилген “2026-жылга Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусун даярдоо планынын” негизинде өткөрүлүүдө.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОРУ