Жаңылыктар
24.10.2025 14:00
Кароолор: 254
РЕСПУБЛИКАЛЫК КОМАНДА-ШТАБДЫК МАШЫГУУ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
Бишкек шаарынын аймагында өзгөчө кырдаал коркунучу жаралганда жана катталган учурда Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын жана күчтөрүнүн аракеттерин баалоо боюнча үч күндөн бери өтүп жаткан республикалык команда-штабдык машыгуу жыйынтыкталды.
КР Президенти – Жарандык коргонуу башчысы Садыр Жапаровдун Жарлыгын аткаруу боюнча Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-лейтенант Бообек Ажикеевдин буйругу менен өткөн республикалык машыгууда жер титирөө кырсыгына Жарандык коргонуу кызматтарынын даярдыгы текшерилип, баа берилди.
Жыйынтыктоо иш-чарасында Бишкек шаарынын Жарандык коргонуу башчысы – мэр Айбек Джунушалиев шаар аймагында өзгөчө кырдаалдар катталган учурда ыкчам аракеттерди көрүү үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен бирге иш алып барууну уюштуруу, алдын ала даярдыкты күчөтүү, ар дайым күжүрмөн даярдыкта туруу боюнча комплекстүү иштер алып барылгандыгын белгилеп, бул жаатта баалуу тажрыйбалар менен бөлүшкөн ӨКМдин ырааттуу жана кесипкөй кызматкерлерине ыраазычылык билдирди.
Белгилей кетсек, машыгуунун негизги максаты - Жарандык коргонуу жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, ЖК мамлекеттик тутумунун ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР