Жаңылыктар
26.03.2024 15:09
Кароолор: 308
РАЙОНГО ЭРИШ-АРКАК ЭМГЕКТЕНГЕН ТАЛАС РАЙОНДУК ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР БӨЛҮМҮ
Ар бир башталыштын өзүнүн тарыхы бар... Учурдагы Талас райондук өзөчө кырдаалдар бөлүмүнүн тарыхына кыскача токтололу.
Быйыл Талас районунун түзүлгөнүнө 80 жыл толот. Ага улай район элинин коопсуз жашоосун камсыз кылуу үчүн өрт өчүрүү кызматы түзүлгөн.
Кезинде 1945-жылы Талас шаарында өрт өчүрүүчү топ 8 адамдан куралат. Алар өз дооруна ылайык «Кызыл факел» кол насосу, лом, ат араба, эки аты жана суу челеги менен иштешкен. Команда башчысы Большуновдун жетекчилигинде өрт өчүрүүчүлөр өз күчү менен машыгуу мунарасын салып, кызмат орундарын оңдоп, өздөрүнө шарт түзүп алышкан.
Ошентип 1958-жылы кесиптик өрт өчүрүү бөлүмү деп аталып, өздүк курамдын саны 15ке өскөн. Ат менен кол насостун ордуна алгачкы жолу “ГАЗ-АА” үлгүсүндөгү өрт өчүрүүчү унаасы алынып, мындагылардын иши бир топ жеңилдеген.
Ага 80-жылдардын башында өрт өчүрүү бөлүмү, өрттөн куткаруу отряды кошулуп, курамы 65 өрт өчүрүүчү-куткаруучуга көбөйөт. Буга кошумча Аскерлештирилген өрткө каршы куткаруу бөлүгү да түзүлгөн. Учурда бул №17 бөлүк Талас шаарын тейлеп турат.
Жылдар алмашып Талас шаарынан район өзүнчө бөлүнгөндө Талас райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү деп кайрадан түзүлгөн. Райондун түптөлүүсүнө, өнүгүүсүнө, элдин коопсуз жашоосуна жана ар кандай техногендик кырдаалдардын алдын алууга канчалаган жетекчилердин, ажалга тике караган куткаруучулардын, өрт өчүрүүчүлөрдүн салымы ат көтөргүс.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР