Жаңылыктар

01.12.2023 11:33

   Кароолор: 647

QR КОДДО ЭМНЕЛЕР КАМТЫЛГАН, АНЫ ПАЙДАЛАНУУНУ БИЛЕСИЗБИ?

КР ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгынын Талас шаардык жана Бакай-Ата райондук ӨК бөлүмдөрүнүн кызматкерлери шаар жана райондун аймагындагы билим берүү мекемелеринде өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу максатында иш-чараларды өткөрүштү.

Анда ӨКМдин адистери өрт коопсуздугунун алдын алуу жана аны болтурбоо үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Мугалимдерге жана окуучуларга өзгөчө кырдаалдарда өзүн алып жүрүү жана коопсуздук эрежелерин камтыган QR код тууралуу кенен маалымат беришти.

QR коддордон жарандар эмне маалымат биле алышат?

1. Өрт коопсуздугу

2. Сел (видео,текст)

3. Катуу суук

4. Кар көчкү

5. Жер титирөө (текст,видео)

6. Жол кырсыгы

7. “112” Кыргызстандын мобилдик тиркемеси

8. Жер көчкү (видео).

Жарандардын коопсуздугун камтыган QR код менен чөнтөк телефонунуз аркылуу тааныша аласыз.

КР ӨКМге караштуу Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун кызматкерлери тарабынан иштелип чыккан QR код мектептерге илинип жана аны пайдалануу эрежелери боюнча нускамалар таратылды.

Иш-чарага жалпысынан 267 окуучу 53 мугалим катышты.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу