Жаңылыктар
17.10.2023 17:44
Кароолор: 616
ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВ ӨКМге МИ-8 МТВ ТИК УЧАГЫН ТАПШЫРДЫ
Президент Садыр Жапаров бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Россия Федерациясы тарабынан берилген Ми-8 МТВ тик учагын тапшырды.
Министрликтин тоо кыркаларында издөө-куткаруу ишин жүргүзүүгө, жабыркагандарды өзгөчө кырдаал очогунан медициналык керектүү аппараттарды орнотуп, коопсуз эвакуациялоого, жүк ташууга, өрт өчүрүүгө жана башка максатта колдонуу менен абадагы мүмкүнчүлүгүн жогорулаткан кезектеги тик учактын техникалык артыкчылыктары кенен.
Атайы репортаж.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР