Жаңылыктар
02.02.2024 13:33
Кароолор: 855
Президент Садыр Жапаров Бишкектеги Жылуулук электр борборун калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты
Президент Садыр Жапаров Бишкектеги Жылуулук электр борборун калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 2-февралда, Бишкек шаарындагы Жылуулук электр борборун калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты.
Борбор калаадагы ЖЭБдин ишин тез арада калыбына келтирүү боюнча кечиктирилгис тапшырмалар берилди. Бардык тиешелүү кызматтар күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөнү улантууда.