Жаңылыктар

10.04.2026 14:20

   Кароолор: 7

ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВ АК-БУУРА ДАРЫЯСЫН ТАЗАЛОО ИШТЕРИНИН ЖҮРҮШҮ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

Бүгүн Президент Садыр Жапаров Ош шаарында болгон иш сапарынын алкагында Ак-Буура дарыясын тазалоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Тазалоо иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан 22 атайын техника бөлүнгөн.

Бүгүнкү күндө дарыянын нугунан 323 510 тонна таштанды чыгарылды.

Жыйынтыгында Ак-Буура дарыясынын 17 чакырым аралыгы таштандылардан толук тазаланып, тийиштүү тартипке келтирилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу