Жаңылыктар

31.08.2024 13:54

   Кароолор: 1360

ПРЕЗИДЕНТ МИНИСТРДИН ОРУН БАСАРЫ УРМАТБЕК ШАМЫРКАНОВГО "ГЕНЕРАЛ-МАЙОР" АСКЕРДИК НААМЫН ЫЙГАРДЫ

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 31-августта, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата өлкө жана эл алдында сиңирген эмгеги үчүн мамлекеттик өзгөчө наам-белгилери ыйгарылган инсандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Алардын катарында Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Муслинович Шамыркановго "генерал-майор" жогорку аскердик наамы ыйгарылды.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу