Жаңылыктар
27.01.2024 15:23
Кароолор: 548
ПЕНСИЯ... ӨКМде ПЕНСИЯЛЫК САБАТТУУЛУКТУ АРТТЫРУУ ОКУТУЛДУ
25-январда өлкөбүздөгү социалдык саясатты колдоо менен бирге, пенсиялык сабаттуулукту арттыруу максатында Социалдык фонддун «Окуу борбору» мекемесинин адистери Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерине лекция окушту.
Ар бир жаран үчүн абдан маанилүү маалымат - пенсия курагы жана пенсияга чыгуу.
Андыктан бул жолку окутуу ӨКМдин борбордук аппаратында өтүп, онлайн форматында бардык кызматкерлер катышышты.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин борбордук аппаратынын эмгек жамаатына жана аймактык-түзүмдүк башкармалыктары менен “онлайн” форматындагы байланышта суроо-жооп аркылуу кеңири маалымат алышты.
Персоналдык пенсияга чыгууга кайсы жарандардын укугу бар, кайсы сыйлыктары болсо кошумча акча төлөнөт, пенсияга эрте чыгуу үчүн канча балалуу болуш керек деген өңүттөгү бир топ суроолорго Соцфонддун адистери жооп беришти. Ошондой эле жер-үлүштү сатуу үчүн справка алуу жолдору айтылды.
Учурда адистер лекция окуу менен чектелип калбай, айрым көйгөйлүү суроолор боюнча ар бир адам менен жеке сүйлөшүп, түшүндүрүп жардам берип келишет.
ӨКМдин жалпы кызматкерлери лекция тууралуу жакшы пикирлерин билдирип, активдүү катышышты.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР