Жаңылыктар

21.08.2023 15:35

   Кароолор: 633

Парапландан кулаган орус жаранына куткаруучулар жардам көрсөтүштү

Кечээ, 20-август күнү кечинде саат 23:55те Аламүдүн районунун Арашан капчыгайында К.П. аттуу 48 жаштагы жаран параплан менен учуп жүрүп, кулаганы тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.

Жерине издеп-куткаруу иштерине ӨКМдин Чүй облустук башкармалыгынын офицери Улан Абдраимовдун жетекчилиги менен Аламүдүн райондук ӨКБдан 4 куткаруучу чыккан.

Бүгүн Россиянын жабыркаган жаранын тоодон алып түшүп, "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу